Туулган жер Темир Дамирбеков

2016

0
0

Paylaş:


Şarkı Sözleri



Тоо койнунда ташты жарып чыккан булагың,
Куштар сайрап, гүлүң ачкан, сенин убагың.
Кең Ала-Тоо алтын бешик, байлыгым сен,
Кусалыктан эч таркабайт менин кумарым.

[Кайырма:]
Киндик кан тамган менин туулган жерим,
Амансыңбы кең пейилдүү кутман элим?
Өмүр көчүң улап келген урпактарың,
Кылымдарды карыта бер, асыл жерим.

Мен ойногон сенин алтын топурагың,
Сени эстеп мен ыр жазып отурамын.
Сагынычым көөдөнүмө толуп турат,
Уулуңду күт бүгүн сага жол артамын.

[Кайырма:]

Аябаймын өзүң үчүн өмүр жаным,
Дал өзүңдөн тамган менин киндик каным.
Келечекке кадам таштап үмүт менен,
Алгалап өс, өркүндөй бер жолуң кенен.



Скачивайте наши приложения на плеймеркетах App Store и Казакша андер 2022 скачать (Google Play).




Ekledi

03.06.2016
Video
Темир Дамирбеков
Туулган жер