КЕҢЕШ тобу Бир гана сен (0) Şarkı Sözleri

Бир гана сен Şarkı Sözleri

КЕҢЕШ тобу

0
0

Paylaş:


Жалгыздайм жанымдан алыс кетсең,
Жалооруп издеймин, эгер сезсең.
Жаныма жашоонун демин берген,
Жалгызым, ишенгин, бир гана сен.
Бир гана сен, бир гана сен.

Жылдыздай жымыңдап эркелесең,
Өзүмдү бактылуу элестетем.
Өмүрдүн ачылган гүлү сымал,
Сүйүүдөн тапканым бир гана сен.

Бир гана сен, бир гана сен.

Кайыра:
Шам болуп жүрөккө жарык берген,
Жашоонун маңызы бир гана сен.
Жарашып жанымда жандап жүргөн,
Жашоодо жалгызым бир гана сен.

Бир гана сен, бир гана сен.

Өткөрүп өмүрдү сени менен,
Өзүңө арналып дайым келем.
Өрт болуп жүрөгү күйүп- жанып,
Түбөлүк сүйөрүм бир гана сен.

Бир гана сен, бир гана сен.







Yorumlar

чынгыз

06 Kasım 2016

соз жок керемет

чынгыз

06 Kasım 2016

соз жок КеРемет чыгарма

GM

Sözü ekledi

03.07.2016