Мен сени сүйгөн жокмун Şarkı Sözleri

Динара Акулова, Жамиля Муратова

0
0

Paylaş:


Мен сени сүйгөн жокмун көзүң үчүн,
Күлгөндө жазгы гүлдөй жайнап кеткен.
Мен сени сүйгөн жокмун сөзүң үчүн,
Кайгыны көкүрөктөн айдап кеткен.

[Кайырма]
Мен сени сүйдүм сүйүү бардыгынан,
Жаркырап, жаңыланып сезим гүлдөп.
Көңүлдө жан көшүлткөн жашыл ыраң,
Бүрдөбөй калган багым кайра бүрдөп.

Мен сени сүйгөн жокмун боюң үчүн,
Кыздардын талабына жооп берген.
Жок, сени сүйгөн жокмун оюң үчүн,
Ак нурдай, Ай алдынан кармап келген.

[Кайырма]

Мен сени сүйгөн жокмун сырың үчүн,
Эч качан, эч кимдерге жандырбаган.
Бар туруп айтар сөзүм, каруу- күчүм,
Бактысыз сени карап жалдыраган.

[Кайырма]
Динара Акулова, Жамиля Муратова, Мен сени сүйгөн жокмун Şarkı Sözleri, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Sözü ekledi

19.07.2016