Кыялдануу текст песни

Жылдыз Тутуева

0
0

Поделиться:


Жашоомдун шаңы, агарган таңы өзүңсүң,
Айтарда сөзүм, аярлуу сезим өзүңсүң.
Жактырып жүрөм, жаным деп сүйөм билгизбей,
Жайдары күлкүң, көзүмө сүйкүм билгизбей.

[Кайырма]
Карап, карап өзүңдү самап кыялга батамын,
Кыялымда мен сага кошулуп жанаша басамын.

Санаамда дайым, сагынам, жаным, өзүңдү,
Көрсөм деп көзүң, уксам деп сөзүң эңсеймин.
Аячы мени, азгырбай эми сезимди, сезимди,
Жаралуу жүрөк жалыңдап күйөт өзүң деп.
[Кайырма]

Жылдыз Тутуева, Жылдыз Тутуева, Кыялдануу, Кыялдануу текст песни, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Добавил текст

03.07.2016