Кут болсун туулган күнүңүз текст песни

Жылдыз Тутуева

0
0

Поделиться:


Өмүрдүн берген майрамы,
Өтсүн деп бүгүн жайдары.
Күлкү арнап сизге келемин,
Гүлүмдү кармап мен дагы.

[Кайырма]
Кут болсун туулган күнүңүз,
Бакытка толсун үйүңүз.
Туулган күндү кубаттап,
Куттуктап келдик бүгүн биз.

Шаттанып бүгүн күлүңүз,
Шаттыкта өмүр сүрүңүз.
Азайбай биздин арабыз,
Ар дайым аман жүрүңүз.

[Кайырма]

Өмүрдүн аппак таңдарын,
Өчпөгөн жарык шамдарын,
Кырчындай болгон күндөрдүн,
Кызыгын сизге арнайын.

[Кайырма]

Жылдыз Тутуева, Жылдыз Тутуева, Кут болсун туулган күнүңүз, Кут болсун туулган кунунуз текст песни, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Добавил текст

03.07.2016