Сагынамын текст песни

Жумабек Акбаров

0
0

Поделиться:


Жабыгып жалгыз калып.
Сагынып ырлар жазып.
Отурам айлуу түндө.
Сени эңсеп кыялданып.
Бактыма жаралганым.
Сагынтпай кел ардагым.
Кусалык зынданына.
Туш болуп камалганмын.


[Кайырма]
Сагынамын, сагынамын,
Гүлүм сага жалынамын.
Тартып алчы колуң сунуп,
Сагынычтын торундамын.
Сагынамын, сагынамын,
Гүлүм сага жалынамын,
Сагынамын, сагынамын.

Кайгыга салдың кыйнап,
Сени эңсеп жүрөк сыздап.
Сагыныч дартка айланып,
Күн сайын барат ырбап.
Бактыма жаралганым.
Сагынтпай кел ардагым.
Кусалык зынданына.
Туш болуп камалганмын.


[Кайырма]

Жумабек Акбаров, Жумабек Акбаров, Сагынамын, Сагынамын текст песни, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Добавил текст

03.07.2016