Толгонуу текст песни

Жеңишбек Шамшиев

0
0

Поделиться:


Күзөтчүдөй көз ирмебей күн-түнү,
Тирүүлүктө түгөнбөгөн түйшүгү.
Мен апамды кут төгүлгөн үй десем,
Атам анын кармап турган түркүгү

Атам барда мен таптагы ылаачын,
Атам менин бөксөрбөгөн кубатым.
Күбөсү бул сен жараткан эрдиктин,
Күрөштөрдө күӊгө серпкен кулачын

Шаштым кетип бошондосо сабырым,
Колдон алып оор жүктүн жарымын.
Кыйын кезде кылт дедирбей дем берген,
Атам менин тереӊ жайган тамырым.

Кубанчыма, кайгыма да теӊ шерик,
Бул дүйнөдө жан болбостур сенчелик.
Ак сарайым алтын туткам, кутманым,
Мен - дүйнөгө сен тургузган эстелик
Жеңишбек Шамшиев, Женишбек Шамшиев, Толгонуу, Толгонуу текст песни, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Добавил текст

03.07.2016