Жүрөктө сүйүү боздойт текст песни

Умутай Абдышова

0
0

Поделиться:


Ошол кеч эсте калды күзүңдөгү,
Көргөндөн үмүтүм эч үзүлбөдү.
Жүрөктү жүзгө бөлүп кетти окшойт,
Жылдыздай уячалар жүзүңдөгү.

[Кайырма]
Сиз мага ушунчалык жагасыз да,
Көктөгү жылдыздардай жанасыз да
Экөөбүз бир болбойбуз аттиң дүйнө,
Жүрөктө арман болуп каласыз да.

Жүргөндө жадап турмуш бардыгынан,
Таберик болдуң окшойт тагдырымдан.
Ээрчишип аалам кезип кетким келди,
Аргасыз калдым, аргасыз калдым жердин тардыгынан.

[Кайырма]

Маңдайга ушундайды жазган окшойт,
Көздөрүң күлүп турса сезим козгойт.
Экөөбүз баратабыз эки жолдо,
А менин жүрөгүмдө сүйүү боздойт.

[Кайырма]

Умутай Абдышова, Умутай Абдышова, Жүрөктө сүйүү боздойт, Журокто суйуу боздойт текст песни, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Admin

Добавил текст

04.04.2019