Мен дүйнөнү апам менен тааныгам текст песни

Самара Каримова

2016

0
0

Поделиться:


Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам.
Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жыты менен тааныгам.
Жыттачу элем, магдыратып жытынан,
Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды колдорунан тааныгам.
Жылуу болчу, жумшак болчу колдору,
Кармашканда бала боюм балкыган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жоолугунан тааныгам.
Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган!

Мен дүйнөнү апам менен тааныгам,
Мен апамды күлкүсүнөн тааныгам.

Сөзү: Фатима Абдалованыкы
Обону: Т.Колдошовдуку
Самара Каримова, Самара Каримова, Мен дүйнөнү апам менен тааныгам, Мен дуйнону апам менен тааныгам текст песни, 2016
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Отредактировал текст

28.02.2016
Пользователи

GM

Видеоклип
Самара Каримова
Мен дүйнөнү апам менен тааныгам