Салтанат Аширова Сени ойлосом (0) текст песни

Сени ойлосом текст песни

Салтанат Аширова

0
0

Поделиться:


Сени ойлосом, канат бүткөн көңүлгө,
Бек сакталып жүрөгүмдүн төрүндө.
Таалайымдын жаркыраган жылдызы,
Махабаттын гүлүн терген өмүргө.

Алыс жакта жүргөнүңдө сагынып,
Жалынчумун, жаным, сага кагылып.
Кирпик какпай таң атырам далай түн,
Карааныңды бир көргөнгө зарыгып.

Күндөн-күнгө менден четтеп кеткениң -
Муздак сууну жалыныма сепкениң.
Асыл курбум, чыгардыңбы эсиңден,
Тунук сүйүү бизге таасир эткенин?

Сен унутсаң, мен унута албадым,
Элесиңди көңүлгө бек сактадым.
Менден башка бар турбайбы сүйгөнүң,
Анда неге сүйөм дедиң, алдадың?






GM

Добавил текст

03.07.2016