Асыл апам текст песни

Сайкал Садыбакасова

2015

0
0

Поделиться:


Жайнатып обон жазсам да,
Берметтеп сөздү тапсам да.
Жалгызым, алтын апам,
Тең келбейт сага бүт аалам.
Гүл кызың болуп өсөйүн,
Гүлдөрдөн килем төшөйүн.
Көңүлүм капа тартканда,
Башымды катып жөлөөрүм.

Кайырма:

Каныкейимсиз, Жаңыл Мырзамсыз,
Кыз Сайкалымсыз, Курманжан даткам.
Кубанычымсыз, аткан таңымсыз,
Алтыным, асылым апам.

Өйдөлөп өстү баркыңыз,
Ак иштеп элге жактыңыз.
"Элим" деп күйүп дайыма,
Эмгектен баар таптыңыз.
Сөзүмдө бүтпөс жомогум,
Төрүмдө сыйлуу коногум.
Оорубай, узак жашаңыз,
Арка бел, кубат-жөлөгүм.

Кайырма:
Сайкал Садыбакасова, Сайкал Садыбакасова, Асыл апам, Асыл апам текст песни, 2015
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Добавил текст

10.02.2016