Гүлүм текст песни

Руслан Нарынбаев

0
0

Поделиться:


Гүлүм менин булуттарга бекинбечи,
Айым менин жашынбачы кечиндеси.
Гүлүм менин жаңы ачылган кызарып,
Мага жаккан жыпарыңды кетирбечи.

Жайнаган мөлтүр кара көзү,
Балдай ширин сөзү,
Арбап мени алды,
Суктандырып өзүн
Ардагым, айым, күнүм, жаным,
Жаңы аткан таңым
Түбөлүккө болчу,
Жүрөгүмдө дайым.

Суум менен агылбачы, коробочу,
Бакытыма барар жолду торобочу.
Ашыгымдан айрыбачы өтүнөрүм,
Мени аячы, арман мага жолобочу.

[Кайырма]

Булбулумду ителгиге илдирбеймин,
Жүрөгүмдү уу тикенге тилдирбеймин.
Каалоосу жок түшүп калсаң капканына,
Канатына эч бир жанды тийгизбеймин
Ашыгымды мен эч кимге сүйгүзбөймүн.

[Кайырма]
Руслан Нарынбаев, Руслан Нарынбаев, Гүлүм, Гулум mp3 скачать, текст песни, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Добавил текст

03.07.2016