Окуу жай текст песни

Нурмат Садыров

0
0

Поделиться:


Күндөр өттү сүйкүм жатаканада,
Дос болуп кыз балага, барбай сабакка.
Мен да ушундай күндү кечиргем,
Уктап далай кечиккеним кетпейт эсимден.

Өмүрдүн ушул кызыгын
Турмуштун жаңы көргөн бул учур,
Биринчи сыноодон аша турчу кыр ушул
Баёолук сезимден келген бизге бул учур
Жүрөгүмдө калган жетпей арман

[Кайырма]
Окуу жай, окуу жай,
Сенде калды жаштык кездер, ай.
Ырга толгон бакыт кечтери, ай,
Ошол күндөр, ай, студенттик күндөр, ай.
Бир далай сенде калды жаштык кездер, ай.
Ырга толгон бакыт кечтери, ай, ошол түндөр, ай,
Студенттик күндөр, ай.

Билим карай келген байлап үмүтүн,
Жаштык кезден бир үзүм өткөн күн үчүн,
Жаңы дүйнө менен достошуп
Максатыбыз шат кошуп,
Жүрү жакшы окуп.

Өмүрдүн ушул кызыгын
Турмуштун жаңы көргөн бул учур,
Биринчи сыноодон аша турчу кыр ушул
Баёолук сезимден келген бизге бул учур
Жүрөгүмдө калган жетпей арман [Кайырма]
Нурмат Садыров, Нурмат Садыров, Окуу жай, Окуу жай текст песни, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Комментарии

Қонақ

23 Декабря 2017

Or

Admin

Добавил текст

03.11.2017