Айылым текст песни

Нурмат Садыров

0
0

Поделиться:


Тоолордо ак мөңгүсү жаркыраган,
Таш-ташка суусу тийип шаркыраган.
Абасы атыр чачып, гүл жыттанып,
Ажайып жанга кубат тартуулаган.

[Кайырма]
Айылым ай, жарыгым ай,
Ар дайым сенде менин дайыным ай.
Айылым ай, байырым ай,
Алыстан эстеп сени, сагындым ай.

Чаң жутуп, көпөлөк кууп кырдан кырга,
Суу болгон оюн ойноп ак жамгырда.
Балалык ойго түшсө кусаланып,
Апамдын нанын эңсейм, ак тандырда.

[Кайырма]
Нурмат Садыров, Нурмат Садыров, Айылым, Айылым текст песни, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Добавил текст

03.07.2016