Апакем текст песни

Кундуз Канатбек кызы

0
0

Поделиться:


Жарык дүйнө тааныткан,
Менин апакем.
Жарыгың экен мен үчүн,
Айга, күнгө тең.
Эрке кызың эмгегиң,
Актасам - деген.
Бой жетсем да түгөнбөс,
Мээримиң сезем.

[Кайырма]

Апакем ай, асманымда,
Жаркырап,күлүп турган күндөй сулуу.
Апакем ай, жарыгымсың,
Мээрим төгүлгөн.
Апакем ай, асылзада,
Эң ыйык эне - деген атың улуу.
Таазим кылып өтөм өмүрдө.
Апакем ай.

Өмүр - деңиз, апаке,
А сен кемесиң.
Балдарыңа бак тилеп,
Сүзүп келесиң.
Таттуу уйкуңду бөлүп,
Кирпик ирмебей.
Таңдан кечке жолум карап,
Күтө бересиң.

[Кайырма]
Кундуз Канатбек кызы, Кундуз Канатбек кызы, Апакем, Апакем текст песни, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Добавил текст

03.07.2016