Мекеним менин текст песни

Каныкей

0
0

Поделиться:


Сени сүйөм, сүйгөндүгүм сүттөн ак,
Сени сүйгөн тагдырыма ырахмат.
Бул жашоого жаралуу бир бакыт,
Бактым сенсиң.
Эгер үшүсөң, мен сени калкалайм,
Сага деген жанымды аябайм.
Аздектеген жашоомдун ак маңдайы,
Жаркыным менин.

[Кайырма]
Мен кубанам жашоонун барына,
Сени менен бир болгон жазыма.
Сага окшош менин да мүнөзүм ай,
Жөлөгүң болоюн.
Мен кубанам өзүңдүн барыңа,
Жашоомо бек берген таңыңа.
Сен бар үчүн жашоо дагы нурданат,
Жашоо дагы нурданат.

Гүлдөй, гүлдөй өмүрлөр жайнаган,
Чексиз эркин жашооңо байланам.
Тоскоолдукту сен үчүн жеңе алам,
Кубатым сенсиң.

Кымбатсың сен баарынан туулган жерим,
Кыйналып, алсырасам арка бел.
Өркүндөй бер, өсө бер Кыргызстаным,
Мекеним менин.

Каныкей, Каныкей, Мекеним менин, Мекеним менин текст песни, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Добавил текст

03.07.2016