Жанымды кыйнабачы текст песни

Ильяз Абдыразаков

0
0

Поделиться:


Карагат көздөрүңдү көргөндө кубанамын,
Көңүлүң алсамбы деп, күнүгө убарамын.
Кылчайып карап койчу,
Көңүлүм оорубасын.

Жүзүмдөй эриндериң жүрөгүм арбап алды,
Түндөрү уйку бербей, жүдөтүп, ойго салды.
Жарыгым, мендик болчу,
Жанымды кыйнабачы.

Керилип басканыңа көз артып, суктанамын,
Башкага ыраа көрбөй, өзүңдү кызганамын.
Өкүнтпөй мендик болчу,
Өмүрүм сага арнаймын.

Ильяз Абдыразаков, Ильяз Абдыразаков, Жанымды кыйнабачы, Жанымды кыйнабачы текст песни, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Добавил текст

04.07.2016