Окуучулук кайыгым текст песни

Ильяз Абдыразаков

0
0

Поделиться:


Актай кагаз алганмын,
Ак кайык жасаганмын,
"Окуучулук өмүрүм" деп жазганмын.
Аккан сууга салганмын,
Көпкө чуркап барганмын,
Узаганча кол булгалап турганмын.

[Кайырма]

Агып кеткен окуучулук кайыгым,
Эми издеп таппай калдым дайынын.
Yнсүз тиктеп тоонун булагын,
Өткөндү эстеп бүгүн турамын,
Аттиң, менин ошол бала курагым.

Он жыл бирге туздашым,
Классташым, курдашым,
Аман болгун, тагдыр кайда бурбасын.
Акыл айтчу ар дайым,
Эжелерим, агайым,
Кеч болсо да рахматым айтайын.

[Кайырма]
Ильяз Абдыразаков, Ильяз Абдыразаков, Окуучулук кайыгым, Окуучулук кайыгым текст песни, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Добавил текст

03.07.2016