Эркелетейин текст песни

Ильяз Абдыразаков

0
0

Поделиться:


Күндөр алмашты, күтүп чарчадым,
Алыстады менден жаштык карааны.
Баарынан кымбат, жаным, сен белең,
Алмаштыргыс айга да, күнгө?

Жаным жай албай, арга таба албай,
Күтчү элем сени күндүн нурундай.
Кечире албаймын, унута да албаймын,
Жалгызымды кайрыбайм.

[Кайырма]

Жел сылаган саамайың,
Жалгыз сени тандаймын,
Жарым болчу, жандай сүйүп, жактырган.
Сүйүү гүлүн терейин,
Сүйгөнүмө берейин,
Эркелетип эрдиңден мен сүйөйүн.

Сүйүүм таптаза, тунук булактай,
Ортобузда күйүп турган чырактай.
Бирге сүрөлү жашоо татымын,
Ажырагыс эгиз ынактай.

Жаным жай албай, арга таба албай,
Күтчү элем сени күндүн нурундай.
Кечире албаймын, унута да албаймын,
Жалгызымды кайрыбайм.

[Кайырма]

Ильяз Абдыразаков, Ильяз Абдыразаков, Эркелетейин, Эркелетейин текст песни, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Комментарии

ЭдИк

12 Ноября 2016

ЭдИкТиН ыРы ЖаКтЫ

GM

Добавил текст

12.08.2016