Бар бол, апаке текст песни

Ильяз Абдыразаков

0
0

Поделиться:


Апамдын жумшак ак колу,
Алдейлеп уктаткан көп жолу.
Кайрылбас күндөргө жетелеген,
Апапак жоолугу.
Мээримдүүм, берекем апакем,
Каталык кетирсем кечирген.
Дүйнөмдүн тынчтыгы үчүн,
Эч качан ооруба сен.

[Кайырма]
Апакем, алтыным, картайба,
Кабатыр болуп сен кайгырба.
Жашоомо жылуулук берерим,
Бар болгун сен бактыма.

Дайыма төрүмдө сый көрүп,
Балаңа туура жол көрсөтүп.
Небере-чебере жетелеп сен,
Даалайга жаша күлүп.
Эркелеп дагы эле мен турам,
Жүрөктөн чыккан ыр сунам.
Алыстасам мени сагынарым,
Жолумду карап улам.
Ильяз Абдыразаков, Ильяз Абдыразаков, Бар бол, апаке, Бар бол, апаке текст песни, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Admin

Добавил текст

02.03.2018