Апакебай текст песни

Ильяз Абдыразаков

0
0

Поделиться:


Жылдан-жылга саамайың буурул тартып,
Жылуу жүздүн бырышы барат артып.
Апакебай, ардагым, теңдеши жок,
Атып турчу ак таңдай, күндөй жаркып.

[Кайырма]
Апакебай, ак шооладай,
Жанып турчу күндө жаркып.
Апакебай, ак шооладай,
Жанып турчу күндө жаркып.

Сенин барың өмүргө кубат берет,
Сени эстесем көңүлгө кубанч келет.
Турмушумду бөксөртпөй көктөп турчу,
Сен жашоого көрк берген чынар терек.

[Кайырма]
Апакебай, ак шооладай,
Жанып турчу күндө жаркып.
Апакебай, ак шооладай,
Жанып турчу күндө жаркып.

Жылдан-жылга саамайың буурул тартып,
Жылуу жүздүн бырышы барат артып.
Апакебай, ардагым, теңдеши жок,
Атып турчу ак таңдай, күндөй жаркып.

[Кайырма]
Ильяз Абдыразаков, Ильяз Абдыразаков, Апакебай, Апакебай текст песни, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Добавил текст

03.07.2016