Амансыңбы, сүйгөнүм? текст песни

Ильяз Абдыразаков

0
0

Поделиться:


Кеч болсо да кечир мени, таарынбагын,
Кезиктирбес тагдыр бизди, жаным дагы.
Эркелетип, карегиңе толбосом да,
Эстеп сени түбөлүккө жаныңдамын.
Кечир эми жалыныпмын таңым, багым,
Кечтеринде көз жаш төгүп сагынбагын.
Эркелетип эриниңден өппөсөм да,
Эстеп сени түбөлүккө жаныңдамын.

[Кайырма]
Амансыңбы, сүйгөнүм?
Ачуу жашым, күйгөнүм.
Артылгандай бүт жүгү, дүйнөнүн.
Мейли сүйбө менчелик,
Түшүнөрсүң кез келип,
Бирге өткөн күндөрдү эскерип.

Ичте калсын арманым да , махабатым,
Издерибиз өткөн эми санаалашым.
Ыза, муңга толгон ошол биздин сүйүү
Ыраазымын бир өзүмү жазаласын.
Бакыт тапкан башка жүрөк эшигинен,
Бактысыздык далай сени эзди билем.
Акым дагы калбагандай сагынууга,
Айыбымды тан алганым кечтигинен.

Ильяз Абдыразаков, Ильяз Абдыразаков, Амансыңбы, сүйгөнүм?, Амансынбы, суйгонум? текст песни, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Комментарии

Marat

12 Апреля 2017

Сонун ыр экен жакты мага

GM

Добавил текст

03.07.2016