Ал менин сүйгөнүм текст песни

Ильяз Абдыразаков

0
0

Поделиться:


Ал менин арманым, азапка салганым,
Армандуу ыр ырдап өзүңө арнадым.
Жашайт ал дүйнөмдө жашырбай айтайын,
Жүрөгүм сүйөм дейт түбөлүк аны дайым.
Адашкан жолдордо
Сүйүүм бар бул жашоомдо.
Жүрөгүм ыйласа,
Батамын ойлорго.
Жалганда тапканым
Ашыгым, арманым.
Алмашкыс жанымдан
Ажырап калганмын.

[Кайырма]
Сүйгөнүм сүйүүм менин,
Сагынып жашаган кезим.
Оттой жанган ал күндөрдү,
Жалгыздыкта мен эстеймин.

Сагыныч кыйнаса, сан жеткис кечтерде,
Сүрөтүн караймын сакталган дептерде.
Кусалык курчаса кайрылам эскере,
"Кайтарчы сүйүүм" деп жалынайын кимге?
Ал менин сүйгөнүм,
Ардактап жүргөнүм.
Азаптуу күндөрдө
Алмашпайт жүрөгүм.
Жалганда тапканым
Ашыгым, арманым.
Алмашкыс жанымдан
Ажырап калганмын.

[Кайырма]
Ильяз Абдыразаков, Ильяз Абдыразаков, Ал менин сүйгөнүм, Ал менин суйгонум текст песни, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Добавил текст

03.07.2016