Гүлжигит Сатыбеков Он сегиз (0) текст песни

Он сегиз текст песни

Гүлжигит Сатыбеков

0
0

Поделиться:


Гитарамды алам, чачты болсо тарайм,
Көчө бойлойм жашым он сегиз.
Кечелерге барам, каалаганым чабам,
Оюн курак ушул он сегиз.
Өзгөлөрдөн коруп, кызга жигит болуп,
Гүлдөп турат бүгүн он сегиз.
Үйдө турбай тынып, каалагың кылып,
Ой жок убак ушул он сегиз.

[Кайырма]
Капаланып кайгыга, чөмүлбөйбүз кайгыга,
Ойно, ойно жалында, биздин күндөр азыр да,
Өтүп кетет эртең он сегиз.
Кысылбагын демине, жакын отур периңе,
Ойно, ойно сен бийле, шарап сунуп селкиңе,
Он гүлүңдүн бири он сегиз,
Ойно, ойно жашың он сегиз.

Сабактардан калам, эптеп шылтоо табам,
Студентмин жашым он сегиз.
Жумуштуудан өтүп, аны-муну көрүп,
Көчө курак ушул он сегиз
Кызыл гүлдү сунуп, кыз бетинен сүйүп,
Жигит курак ушул он сегиз.
Мекен үчүн ыйык, кызматыңды кылып,
Жоокер убак ушул он сегиз.

[Кайырма]

Капаланып кайгыга, чөмүлбөйбүз кайгыга,
Ойно, ойно жалында, биздин күндөр азыр да,
Өтүп кетет эртең он сегиз.
Кысылбагын демине, жакын отур периңе,
Ойно, ойно сен бийле, шарап сунуп селкиңе,
Он гүлүңдүн бири он сегиз,
Ойно, ойно жашың он сегиз.
Өтсө кайра келбейт он сегиз.






Комментарии

мата

15 Февраля 2017

мында кээ бир ырлар жок

Таттыбубу Нурматова

03 Июля 2017

мага бул ыр аябай жагат

шаке

28 Сентебря 2017

ото соонун ыр копчулук адамдар суйуп угат

GM

Добавил текст

02.07.2016