Гүлсүн Мамашева Издеп жүрөм (0) текст песни

Издеп жүрөм текст песни

Гүлсүн Мамашева

0
0

Поделиться:


Өзүңдү көп ичинен издеп жүрөм,
Өзүңө көңүлүмдү түздөп жүрөм.
Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп,
Өңүмдө жолукканда сиз деп жүрөм.

Сыртыңдан көзүм түшүп суктанамын,
Сөз кылса кыздар сени кызганамын.
Айылыма келер бекен бастырып деп,
Азаптуу айлуу түндө уктабадым.

Сен менен колтукташып көл бойлосом,
Ак чабак балык болуп көлдө ойносом.
Асылып чарчасаң да моюнуңа,
Таарынчым таркамайын тим койбосом.







GM

Добавил текст

03.07.2016


shinline.kz / Создание сайтов - https://ima.kz