Эрнест Бөрүбаев, Сапар Эркебаев, 60'K тобу Кубулжу, менин ырларым (0) текст песни

Кубулжу, менин ырларым текст песни

Эрнест Бөрүбаев, Сапар Эркебаев, 60'K тобу

0
0

Поделиться:


Түркүн ыр шаңдуу жаңырып,
Дүркүрөп колдор чабылып.
Ырыстуу күндү жар салып,
Ыр дүйнөм барат агылып.

[Кайырма]
Кубулжуй бергин, ырларым,
Кубантып жүрөк сырларын.
Жашоонун ыры - бул ырлар,
Жар салган жаштык жыргалын.

Кайрадан ырлар уланып,
Кадалат көздөр суранып.
Көл бойлоп бара жаткансып,
Көңүлдөр эргийт кубанып.

[Кайырма]

Өскөн жер ырдан жашарып,
Өмүрлөр барат тазарып.
Мекеним тынчтык ырлары,
Гүл жайнайт күндө жасанып.

[Кайырма]






GM

Добавил текст

06.07.2016