Токто, жаным (new version) текст песни

Данияр Эрматов

0
0

Поделиться:


Айтылбай дагы сөзүм калды,
Жашырып сенден сырды кантип сактаймын?
Тоготпой кете бердиң, артка кылчайбай,
Сенден мен ажырасам кантип жашаймын?

[Кайырма]

Токто, жаным, кетпе! Сени сүйөм,
Эгер көрсөм башка менен оттой күйөм.
Суранам дагы бир келчи кайра мага,
Билесиң жүрөк сыздайт сен деп гана.

Кечирчи, ушул сөздү эми айтпаймын,
Түшүндүм болгон сөздүн баары жалганын.
Ойлонбой сүйлөп сенин көөнүң ооруттум,
Сенсиз жалгыз турмушта кантип жашаймын?
Кубанычка бөлөп сенин көөнүң алайын,
Кучагыма кысып алып сүйүүмдү айтайын.
Ишенгенсиң, дагы ишен менин сүйүүмө,
Сен бактылуу болушуңду дайым каалаймын.

[Кайырма]

Сенсиз өтөт жашоом кызыксыз,
Мээримиң төкчү жүрөк жылытып,
Жаз кетип, күз да келди, кайдасың?..

Данияр Эрматов, Данияр Эрматов, Токто, жаным (new version), Токто, жаным (new version) mp3 скачать, текст песни, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Комментарии

Алмаз

04 Марта 2017

класс

эл дос

06 Марта 2017

ваше сонун

GM

Добавил текст

08.07.2016