Жаным (Remix) текст песни

Дайыр Исмадияров

0
0

Поделиться:


Балбылдаган көздөрүң арбады,
Балдай ширин сүйүүнү арнады.
Бакытым деп жүрөгүм тандады,
Бир сени, жаным.
Бапестеп жашайын сени ар дайым,
Балапаным, мендик болчу, айым.
Байлап алды күлгөнүң жайдары,
Сендик мен, жаным.

[Кайырма]
Жалжалым, мага, жаным керексиң,
Жараткан берген, жаным, белексиң.
Жашоомо жарык чачып келесиң,
Жанып белесиң.

Жаркыраган жылдызым, аппагым,
Жамалың сулуу таңдын атканы.
Жаныңда кантип күндүн батканын,
Сезбеймин, жаным.
Жароокерим, кайдан сага кабылдым?
Жалгызымды издеп бүгүн таптым.
Жан дүйнөмдүн чырагын жандырдың,
Сүйүүнүн, жаным.

[Кайырма]
Жалжалым, мага, жаным, керексиң,
Жараткан берген, жаным, белексиң.
Жашоомо жарык чачып келесиң,
Жанып белесиң.
Дайыр Исмадияров, Дайыр Исмадияров, Жаным (Remix), Жаным (Remix) mp3 скачать, текст песни, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Добавил текст

21.07.2016