Чыңгыз Мырзаев Коёнектер (0) текст песни

Коёнектер текст песни

Чыңгыз Мырзаев

0
0

Поделиться:


Бир ок менен эки коён аткым келди,
Бир убакта эки кызга жаккым келди.
Бирисинен бириси өткөн сулуу,
Бери кел деп көзүн кысып, кылат белги.

Эркесине энтигип эрте барамын,
Экинчиден эптеп чыгам, шылтоо табамын.
Билип калды биринчим, баары түгөндү,
Эки тоонун уларын эрте самдым.

[Кайырма]

Коёнектер көзү тегерек,
Кетпегиле көрбөй тебелеп.
Экөөңдү бирдей жактырган,
Өзүмдү жүрөм жемелеп.

Жүрөгүм бош, көңүл да бош, кыя албадым,
Экөөсүнө үлгүрүп мен гүлүм арнадым.
Башка кызга барат ал деп сырымды ачып,
Айтып салдың, эх,досум, көрө албадың.

[Кайырма]








Комментарии

Нуриза

06 Ноября 2016

мага абдан жагат

Тансу

08 Мая 2017

азыр мага популярный музыкалар эмес модадан калган музыкалар жагып баратат

TansuAziz345

08 Мая 2017

бул ыр да норм чыккан биринчи популярный болуп

GM

Добавил текст

04.07.2016