Чыңгыз Мырзаев Атама (2016) текст песни

Атама текст песни

Чыңгыз Мырзаев

2016

0
0

Поделиться:


Эртеден кечке жумуштан келбей,
Эл үчүн иштеп тамак да ичпей.
Калкымдын иши жылса деп алга,
Талыкпай ойлоп издедиң айла.

Ар бир ак чачың үзүрлүү эмгек,
Үзүрлүү эмгек жөн эле келбейт.
Унутуп үйдү берилип ишке,
Кайтасың үйгө дайыма кечте.

Атаке, сага амандык тилеп,
Жолуңду жолдоп балдарың келет.
Залкар ой-асыл насаатын айткан,
Карааның бизге күч-кубат берет.

Сый-урмат көрүп, узакка жаша,
Журтуңдан ызат көрүңүз эми.
Эмгегиң даңктап, кылганың айтып,
Ардактап жүрсүн айылдын эли.
Сыйлап бир жүрсүн айылдын эли,
Кыргыздын эли






Комментарии

жылдызбек

12 Октября 2016

Өтө жакшы ыр экен

Admin

Отредактировал текст

26.05.2016
Пользователи
Видеоклип
Чыңгыз Мырзаев
Атама