Өмүр желеси текст песни

Автандил

0
0

Поделиться:


Чарпылдым айдыңында өмүрүмдүн,
Чабыттап көктөмүндө көңүлүмдүн.
Чарчадым чындык көрүп чыркыраган,
Чаң басып тээ түпкүрүн жүрөгүмдүн.

Каржалган жылдар гана жазык болуп,
Кан жолдо жаштык гана азык болуп.
Канча эшик каккыладың, бирок баары,
Калышты ар убакта жабык болуп.

Кишилер мен сыйлаган бал-бал болуп,
Кыялдар мен ишенген жалган болуп.
Кайрадан жан талаштың жашаганга,
Көөдөнгө касиеттүү арман толуп.

Ак боз ат өмүр өтөт айланганы,
Арыйсың көр тирликке байланганы.
Карыткан адамдарды жылдар эмес,
Карытат ишке ашпаган армандары.

Автандил, Автандил, Өмүр желеси, Омур желеси текст песни, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Добавил текст

25.06.2016