Жүрөк сыры текст песни

Аваз Акимов, Ильгиз Абдалиев

0
0

Поделиться:


Жүрөгүмдү кыйнаган,
Түркүн миң-миң сандаган.
Чыга албаймын, кантейин?
Ойлор мени чырмаган.

Жашып алсам, жүгүмөн
Арыларбы жүрөгүм?
Келбесиңди билсем да,
Кайра эле күйүнөм.

[Кайырма]
Сага жан дүйнөмдү арнагам,
"Жан биргем" деп садагам,
Мээримиңе жылынгам.
Мага калды эми элесиң,
Кайра кайтып келбейсиң,
Бактылуу болгун деймин.

Жан адамга өзүңдү,
Сездирбестен сыр катып.
Сен жөнүндө ар дайым,
Бүтө албаймын ыр жазып.

Тагдыр мени кектедиң,
Өчүң барбы билбедим.
Сүйдүм эле өзүңдү,
Бирок, жаным, жетпедим.

[Кайырма]

Сүйөмүн деп айтсам да,
Кадырыма жетпедиң.
Күтөрүмдү билсең да,
Кайрылып сен келбедиң.

[Кайырма]
Аваз Акимов, Ильгиз Абдалиев, Аваз Акимов, Ильгиз Абдалиев, Жүрөк сыры, Журок сыры текст песни, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Добавил текст

25.06.2016