Текст песни
Жоошевдики
Канат берип кайкытып,
Алып учат алыс билимиң.
Жан дүйнөнү жаркытып,
Акылыңдын жандыр билигин.
Жалындасак канчалык,
Жалпы дүйнө тамшанып,
Калкыбыздын көрсүн бийигин!
[Кайырма:]
Жаралып нурдан,
Жарыгын сунган,
Жылдыздуу элим кыргызым.
Тиленем түтпөй,
Бийиктен түшпөй,
Көкөлөй берсин жылдызың.
Көкөлөй берсин уул-кызың,
Көкөлөй берсин кыргызым.
Жаштар берет жаңы күч,
Желбиретип жеңиш желегин.
Ала-Тоону алып уч,
Эл-жериңе тийсин керегиң.
Жүзүбүздөн кут жанып,
Дүйнө бүтүн суктанып,
Элибиздин билсин тереңин!
[Кайырма:]
Жаралып нурдан,
Жарыгын сунган,
Жылдыздуу элим кыргызым.
Тиленем түтпөй,
Бийиктен түшпөй,
Көкөлөй берсин жылдызың.
Көкөлөй берсин уул-кызың,
Көкөлөй берсин жылдызың.
Скачивайте наши приложения на плеймеркетах App Store и Казакша андер 2022 скачать (Google Play).