Классташ кызга сөзі

ЖАШ КЫЯЛ тобу

0
0

Бөлісу:


Мен ойлоймун сени жаным,
Бир партада отурганым.
Мына өткөн күндү эстеп,
Өзүмчө бир кубанамын.

[Кайырма]
Ойно жаным,ойно күлүп,
Сени менен мен ойноймун.
Ойносом да, ойлосом да,
Карашыңа эч тойбомун, жаным.

Ошондо сен жаш кыз элең,
Сабактан эч калбачы элең.
Келбей калсаң сен сабака,
Өзүмчө бир кайгырчы элем.

[Кайырма]

Эстен кетпейт өткөн күндөр,
Бирге жүргөн айлуу түндөр.
Сага арнадым кызыл гүлдү,
Тартуу кылам ушул ырды.

[Кайырма]

ЖАШ КЫЯЛ тобу, ЖАШ КЫЯЛ тобу, Классташ кызга, Классташ кызга сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

03.07.2016