Сүйүүңдү уурдап кетем сөзі

Венера Назаралиева

0
0

Бөлісу:


Сүйүүмдү байкабай сен сезбегениңден,
Күтүүдөн жүдөп келем, кыйналып келем.
Билбейсиң ийилбеген мүнөзүмдү сен,
Каалаган максатыма мен баары бир жетем,
Баары бир жетем.

[Кайырма]
Сүйүүңдү уурдап кетем билгизбей сага,
Көзүңдү көздөрүмө мен көндүрүп алам.
Байланган сезимдердин баардыгын чечип,
Көңүлүң жалгыз өзүмө көндүрүп алам.

Ызамдан ызгаар болуп чыйрыгат денем,
Ыкташып күлүп жүрсөң сен башкалар менен.
Удургуп, ташкын болуп агылсам дагы,
Урагыс пайдубалын мен, баары бир жеңем.
Баары бир жеңем

[Кайырма]
Сүйүүңдү уурдап кетем билгизбей сага,
Көзүңдү көздөрүмө мен көндүрүп алам.
Байланган сезимдердин баардыгын чечип,
Көңүлүң жалгыз өзүмө көндүрүп алам.


Венера Назаралиева, Венера Назаралиева, Сүйүүңдү уурдап кетем, Суйуунду уурдап кетем сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

25.06.2016