Сагынуу сөзі

Венера Назаралиева

0
0

Бөлісу:


Ниетимди өзгөртүп өзүм үчүн,
Элесиңди туу кылып жүрөм бүтүн.
Окшоштукту мен сага таппай келем,
Канча айланып, кыдырып дүйнө жүзүн.

Куса болуп ой келет түркүн мага,
Күлмүңдөгөн көздөрүң сүйкүм мага.
Күйүттүү бир илдетке чалдыгыпмын,
Күлүп коюп сен менен бир түн гана.

Эх, билбепмин, мынчалык сүйөрүмдү,
Бир өзүңдү туу кылып жүрөгүмдө.
Алсыратып, ансайын мыжып келет,
Айлап, жылдап бир ооруу жүрөгүмдү.
Венера Назаралиева, Венера Назаралиева, Сагынуу, Сагынуу сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

25.06.2016