Мендеги ыйык махабат сөзі

Венера Назаралиева

0
0

Бөлісу:


Сүйүүм турат жердин кени тургандай,
Мойнумдагы ыйык аяр тумардай.
Көкүрөктө сыймык толо караймын,
Көп кыйналып жакшы бир үй кургандай.

Сүйүүм агат мелмилдеген суулардай.
Айбаттанат көлдө сүзгөн куулардай.
Таптым сайрап, элжиретет сезимди,
Таң алдында үн алышкан улардай.

Сүйүүм турат жай күнүндөй толукшуп,
Булбул сайрап, бутак сайын конушуп.
Көзүмдөн курч, көкүрөктөн ал кетер,
Унутпасмын кандай күндү жолуктук.

Бул дүйнөдө ачкан менин үнүмдү,
Жарык кылган көөдөндөгү сүйүүмдү.
Сенин гана аман жүргөн карааның,
Мен сен үчүн даңктап ырдайм сүйүүмдү.

Венера Назаралиева, Венера Назаралиева, Мендеги ыйык махабат, Мендеги ыйык махабат сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

25.06.2016