Кыз узатуу сөзі

Венера Назаралиева

0
0

Бөлісу:


Айылыңдын чымыр уузу бол кызым,
Үйүңдүн ырыс-куту бол кызым.
Кайненең менен кайнатаң үчүн,
Келини эмес кызы бол, кызым.

[Кайырма]
Көшөгөң көгөрсүн, кут түшсүн түнөгүңө,
Кубатым эстүү бол нур жансын жүрөгүңө.
Жан биргем ырыстуу, ыймандуу бүлө болуп,
Балдарга апа бол, бакыт бол түгөйүңө.

Балдарды суук коздөрдөн өзүң сакта,
Теңирим жаман сөздөрдөн өзүң сакта.
Экөөнүн бийик сүйүүдөн арзып курган,
Уясын урап, чөккөндөн өзүң сакта.

[Кайырма]

Жарыңдын асыл жары бол кызым,
Үйүңдүн жарык шамы бол кызым.
Кайын журт сүйгөн, кадырлап күйгөн,
Жашоонун аппак таңы бол кызым.

[Кайырма]
Венера Назаралиева, Венера Назаралиева, Кыз узатуу, Кыз узатуу сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

25.06.2016