Сапар карыйт сагынычтын жолунда сөзі

Түгөлбай Казаков

0
0

Бөлісу:


Аздан кийин чыгамын түпсүз түнгө,
Кетсем мейли мен жоголуп.
Калат үйдө уктатпаган мени жансыз,
Кароолдогон жалгыздык.

Чыракты үйлөп өчүрөм да,
Эшик аттап чыгар менен ,
бул дүйнөңдөн жок болом.
Таңда мага каттар келмек,
Алыстагы курбулар, достордон.
А менин кайрыларым, кайрылбасым ,
Элейишкен дарактардай белгисиз?.

Каттар күтөр жазда -жайда,
Терезеден ташталган.
Эрксиз учуп жалбырактар,
Жалбырактар бактардан, келер күз.

Билинбестен биздин үйгө келер күз,
Күздө кайтып балким мен да келермин.
Атымды айтып сагынычтуу шыбырап,
Бут алдымда жалбырактар шуудурап.
Эшик ачпай балким кирем мен үйгө,
Кичинекей жыл ойногон көп жылдар,
Эсиңде бекен жамгыр жааган чабылык
Бурчта турар жашыл чырак жагылып.

Күндүр бою бул үйдө өчпөй от күйөр,
Түндөр бою жамгырлар чабар айнекти.
Түндөр бою кат жазып отурармын,
Досторум , ай, алыскы.

Жаздар жайнаар карегимден төгүлдү,
Кагаз, сыя, сагынычым да түгөнүп.
Каттар жашыл кагаздарда чапталар,
Уктайм балким таң алдында жай тынчып.

Түгөлбай Казаков, Туголбай Казаков, Сапар карыйт сагынычтын жолунда, Сапар карыйт сагынычтын жолунда сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

03.07.2016