Алтын балалык сөзі

Түгөлбай Казаков

0
0

Бөлісу:


Ал кезекте сен тентек кыз эселек,
Мен да бала сүт оозумдан кетелек.
Жар бооруна экөөлөп,
Орок менен үй куруп,
Жаңы гана үйлөнүп,
Көчүп келдик дечү элек.

[Кайырма]
Алтын балалык,
Бизди ойноткон.
Мага билгизбей,
Сүйүүмдү ойготкон.

"Кемпир!" десем, мен колуңдан жетелеп,
"Белим, ий!" деп сен да мага эркелеп.
Чалым байкуш жумуштан,
Чаалыкты деп мени аяп.
Чай кайнаткан күндөрүң,
Али эсимден кетелек.

[Кайырма]

Коштошордо коомай кармап колумду,
Сагынба деп санга бөлдүң оюмду.
Жаш күнүмдүн унуткус,
Эстелиги ушул деп.
Карап турдум жалдырап,
Караан үзгөн жолуңду.

[Кайырма]
Кош бол, балалык,
Бакыт табарсың.
Өмүр өткөнчө,
Ойдо каларсың...
Түгөлбай Казаков, Туголбай Казаков, Алтын балалык, Алтын балалык сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

03.07.2016