Жаңы жыл сөзі

Топчубай Айтмаматов

0
0

Бөлісу:


Кыш келди, аппак кардай сүйүү келсе,
Сүрдөнүп сүйкүмдүү кыз ырдап берсе.
Ыр менен мага болгон ак сүйүүсүн,
Аяздуу аппак карда айтып берсе, жакшы нерсе.

Кел, достор, бийлейличи Жаңы жылда,
Бул күндөр эсте калсын бир кылымга.
Жаңы жыл, жаңы майрам, тунук сүйүүм,
Кош болгун, кош дей албайм бала күнүм.

Досторум бул кечеде ырдайт эркин,
Кыздарга сөз айта албай алар эрип.
Кучактап өбөт беттен, бирок тойбойт,
Убакыт өтпөсө деп жигит ойлойт, кыздар болбойт.

Жаңы жыл, жаңы майрам, тунук сүйүү,
Кош болгун, кош дей албайм бала күнүм.
Кел, достор, бийлейличи Жаңы жылда,
Бул күндөр эсте калсын бир кылымга.

Топчубай Айтмаматов, Топчубай Айтмаматов, Жаңы жыл, Жаны жыл сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

03.07.2016