Жалгыздыктан жадап бүттүм сөзі

Токтобүбү Черикчиева

0
0

Бөлісу:


Жамалы белең берметтин,
Жабыркап жүрөк дегдеттиң.
Кароосуз калган кайыктай,
Кайыр кош, жаным, сен кеттиң.

[Кайырма]
Карап, карап, кайрадан сени самап,
Күттүм, күттүм, күттүм,
Жан биргем, жалгыздыктан жадап бүттүм.

Көпөлөк гүлгө коно албай,
Көңүлүм сыздап, толо албай.
Серпилип жүрөк кыйналды,
Сендейлер сендей боло албай.

[Кайырма]

Кош дегим келбейт, кош дегим,
Козгобо, бөлөк жок кебим.
Кайгырсам, жалгыз, аргам жок,
Кош дешер жарым жок менин.

[Кайырма]
Карап, карап, кайрадан сени самап,
Күттүм, күттүм, күттүм,
Жалжалым, жагыздыктан жадап бүттүм.

Токтобүбү Черикчиева, Токтобубу Черикчиева, Жалгыздыктан жадап бүттүм, Жалгыздыктан жадап буттум сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

03.07.2016