Жүрөгүмдө орун бирөө сөзі

Токтобек Асаналиев

0
0

Бөлісу:


Даректеп таппай жүргөн жолум бирөө,
Таалайга жазган болсо шорум бирөө.
Кадалып карегимден кетпей койдуң,
Кантейин, жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө?

Ак жибек сага жайган торум бирөө,
Адашып сенден калсам шорум бирөө.
Арзыткан айдай перим өзүң болдуң,
Анткени жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө.

Өмүрдү өргө тартсам жолум бирөө,
Өчүрсө күйгөн отту шорум бирөө.
Берилип башка адамды сүйө албадым,
Бейкүнөө жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө.

Арзыткан айдай перим өзүң болдуң,
Анткени жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө.
Бейкүнөө жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө...

Токтобек Асаналиев, Токтобек Асаналиев, Жүрөгүмдө орун бирөө, Журогумдо орун бироо сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

03.07.2016