Сен менин жазылбаган ырларымсың сөзі

Светлана Назаренко

2015

0
0

Бөлісу:


Сен менин жазылбаган ырларымсың,
Сен менин айтылбаган сырларымсың.
Туйлатып жүрөгүмдү алоолонткон,
Сен менин жаштык жалын жыргалымсың.

Сен менин көк деңизим чалкып жаткан,
Үстүндө ак куу ойноп, чардак учкан.
Эң назик эрке сезим кылдарындай,
Сен менин жыргалымсың нурун чачкан.

Сен менин ак кептерим канат каккан,
Сен менин мөл булагым калкып жаткан.
Ыраазымын миң мертебе тагдырыма,
Өмүрдө издеп жүрүп сени тапкан.
Светлана Назаренко, Светлана Назаренко, Сен менин жазылбаган ырларымсың, Сен менин жазылбаган ырларымсын сөзі, 2015
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

11.02.2016