Сүйүү кемеси сөзі

Сапар Эркебаев

0
0

Бөлісу:


Сүйүү толгон көздөрүмө карачы,
Сыздап сокон жүрөгүмдү аячы.
Селдей ташып сага ашыккан жигитмин,
Сапар алган мен баягы.

Жүрөк бети толуп бүттү жамачы,
Жашоомдун өзүң болчу канаты.
Жаным өзүң жарык берчи сүйүүмдү,
Жазып бүтпөс сен санаты.

[Кайырма]
Күтөмүн сени, күүгүм киргенче,
Түшүмдө сенсиң кирпик ирмелсе.
Сапарга чыкпайм, сан жылдап күтөм,
Сүйүү кемеси сенсиз келсе.

Канча жандан кара көзүң жактырып,
Канча түндү уйкусу жок аттырып.
Жалгыздыктан чөлгө айланган чөйрөмдү,
Жараталы гүл бак кылып.

Колдо барын кадырына жетели,
Сүйөм деген сөзүң сүйүү мекени.
Жан көрө элек махабаттын багына,
Жок дебечи жүр кетели.

[Кайырма]

Сапар Эркебаев, Сапар Эркебаев, Сүйүү кемеси, Суйуу кемеси сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

03.07.2016