Күтүү сөзі

Сапар Эркебаев

0
0

Бөлісу:


Сүйүү толгон көздөрүмө карачы,
Сыздап соккон жүрөгүмдү аячы.
Селдей ташып сага ашыккан жигитмин,
Сапар алган мен баягы.
Жүрөк бети толуп бүттү, жамачы,
Жашоомдун өзүң болчу канаты.
Жаным, өзүң жарык берчи сүйүүмдүн,
Жазып бүтпөс сен санаты.

[Кайырма]

Күтөмүн сени күүгүм киргенче,
Түшүмдө сенсиң – кирпик ирмесем.
Сапарга чыкпай, сан жылдап күтөм,
Сүйүү кемеси сенсиз келсе.

Канча жандан кара көзүң жактырып,
Канча түндү уйкусу жок аттырып.
Жалгыздыктан чөлгө айланган дүйнөмдү,
Жараталы гүл бак кылып.
Колдоп анын кадырына жетели,
“Сүйөм” деген сөзүң сүйүү мекени.
Жан көрө элек махабаттын багына,
“Жок” дебечи, жүрү кетели...

[Кайырма]

Сапар Эркебаев, Сапар Эркебаев, Күтүү, Кутуу сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

03.07.2016