Жалгыз уя сөзі

Самара Сабирова

0
0

Бөлісу:


Жасап алып ак сүйүүнүн уясын,
Ал даракта неге жалгыз турасың?
Суу жетпеген куурап калган дарактай,
Өмүр бою кантип оокат кыласың?

[Кайырма]
Канча жолу кел деп ырдап, сыздадым?
Канча жолу акыл айттым, укпадың.
Же болбосо көгүчкөнгө окшоп сен,
Мени көздөй канат кагып учпадың.

Жалгызсырап эстейсиңби өткөндү?
Жаман болду сүйүүбүздүн өчкөнү.
Чагылгандай бир жарк этип көрүнүп,
Же жамгырдай бир себелеп өтсөмбү?

[Кайырма]

Сага барчу тор тосулган жолума,
Түшүп калгам башка адамдын колуна.
Сага окшоп уя жасап алганмын,
Бүчүрү бар бир дарактын бооруна.
Самара Сабирова, Самара Сабирова, Жалгыз уя, Жалгыз уя сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Пікірлер

самара сабирова

14 Қараша 2016

минусовка

гулсара

06 Мамыр 2017

ээн сонун

GM

Сөзін қосқан

03.07.2016