Ойлойсуңбу? сөзі

Самара Сабирова

0
0

Бөлісу:


Алсырап, жаным кейип турган кезде,
Опол тоо, жөлөк болуп койбойсуңбу?
Билбедим, же байкабай жүрөсүңбү?
Же мени оорубайт деп ойлойсуңбу?

Муңканып муунум бошоп турган кезде,
Күн болуп, кабакты ачып койбойсуңбу?
Билбедим, же байкабай жүрөсүңбү?
Же мени кейибейт деп ойлойсуңбу?

Сезимдер толкуп-ташып турган кезде,
Сен мага жылуу сүйлөп койбойсуңбу?
Байкабай, же түшүнбөй жүрөсүңбү?
Же мени сүйө албайт деп ойлойсуңбу?
Самара Сабирова, Самара Сабирова, Ойлойсуңбу?, Ойлойсунбу? сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

03.07.2016