Из калтыр бул дүйнөдө сөзі

Самара Сабирова

0
0

Бөлісу:


Из калтыр бул дүйнөдө, ансыз да өмүр кыска,
Атыңды айтып урпак, иштериң болсун нуска.
Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен,
Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн.

Из калтыр бул дүйнөдө, жакшылык ишиң менен,
Акындар ыр жазышсын, канаттуу сезим менен.
Из калтыр бул дүйнөдө, ак эмгек кызмат менен,
Унутпай элиң жүрсүн, кетсең да бул дүйнөдөн.


Из калтыр бул дүйнөдө, акыйкат сөзүң менен,
Эч качан ушак айтпа, көрбөсөң көзүң менен.
Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен,
Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн.

Из калтыр бул дүйнөдө, атанын уулу деген,
Ашыкча мүлк жыйнаба, ал кетпейт өзүң менен.
Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен,
Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн.
Самара Сабирова, Самара Сабирова, Из калтыр бул дүйнөдө, Из калтыр бул дуйнодо сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

03.07.2016