Жаңы жылды тосолу сөзі

Самара Каримова

0
0

Бөлісу:


Жүрөк эргип кагылып,
Санат жеткис жаңылык.
Кирип келет аздан соң,
Жаңы жылым жаңырып.
Жаңы бакыт агылып,
Үндү бийик созолу,
Күлкү менен шат менен
Жаңы жылды тосолу.

Жаштар дагы карылар,
Кубангыла баарыңар.
Жаңы жылдын өзүнчө
Айтып бүткүс шаңы бар,
Айтып бүткүс жагы бар
Биз да добуш кошолу
Күлкү менен шат менен
Жаңы жылды тосолу.

Алгыла ыр кесени,
Азыр ырдын кезеги.
Соолубасын өмүрлөр,
Соо жүрөлү дешели.
Соо жүрөлү дешели.
Үндү бийик созолу,
Күлкү менен шат менен,
Жаңы жылды тосолу.

Самара Каримова, Самара Каримова, Жаңы жылды тосолу, Жаны жылды тосолу сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

03.07.2016